Бишкек: шылуундар WhatsApp аркылуу аялдын 50 миңдей долларын алдап алышкан

Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкектик аял интернет-алдамчыларга 50 миң долларга жакын акчасын алдатып жибергенин шаардык милиция билдирди.
Белгисиз адамдар WhatsApp мессенжерин колдонушкан. Шылуундар батир сатуу шылтоосу менен ишенимге кирип, жабырлануучунун 49 миң 900 долларын алып, жок болгон.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1-бөлүгүнө ("Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу") ылайык, иш козголгон.
Милиция көрсөтүлгөн акча жети банктык эсепке которулганын таап чыккан.

Кылмышка шектүүлөрдүн бири катары 19 жаштагы улан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тартип сакчылар анын банктык эсебине 200 000 сом которулганын тактап чыгышкан.
Бишкекте кишини мессенжерден 551 миң сомго алдаган деп жигит кармалды