VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы жана жабылышы 1–6-сентябрда Бишкектеги жаңы «Бишкек-Арена» стадионунда өтөт. Даярдык иштерин президент жеке көзөмөлдөп, жумушчу топту президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жетектеп жатат. Бул тууралуу Маданият министри Мирбек Мамбеталиев жергиилктүү басылмалардын бирине берген маегинде билдирди. Министрдин айтымында, даярдык боюнча жыйындар дээрлик эки жумада бир өткөрүлүүдө. Көчмөндөр оюндары ШКУ саммити жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен катар өтөрү үчүн иш-чарага өзгөчө маани берилүүдө. Мирбек Мамбеталиевдин маалыматына ылайык, Маданият министрлиги тарабынан оюндарды өткөрүүгө 500 млн сомдон ашык каражат жумшалат. Көчмөндөр оюндары салтка ылайык Ысык-Көлдө өтүп, этношаарча курулат. Ат оюндары ипподромдо уюштурулуп, Орнок айылындагы Көчмөн цивилизация борбору жана «Рух Ордо» маданий комплекси да колдонулат.
Ош мэриясы кафе, ресторан жана коммерциялык объекттердин ээлерине кардарлар үчүн өзгөчө парковка уюштурууну милдеттендирди. Бул тууралуу шаардык администрация кабарлады. Мэриянын маалыматына ылайык, жол абалын жакшыртуу үчүн мындай чара керек. Транспорт магистралдары кеңейгенине карабастан, кардарлардын унаалары тыгындарга себеп болууда. Мисал катары популярдуу «Атабек» кафе көрсөтүлүп, 200 орунга ылайыкташкан мекеме болгону менен, токтотуучу жайы 25 унаага гана эсептелген. Мэрия эсептегендей, минималдуу 120 орун болушу керек. Шаар бийлиги талап аткарылбаса, чара көрүлөөрүн эскертти.
АКШлык экономикалык серепчи Мартин Армстронг Батыш өлкөлөрү Россияга Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча өз шарттарын таңуулай албай турганын билдирди. Анын айтымында, Европа Россия менен тынчтыкка же мамилелерди нтуркташтырууга кызыкдар эмес, бул узакка созулган согушка алып келет. Ошондуктан, эксперттин пикиринде, Москва Батыш сунуштаган тынчтык планын кабыл албайт. Маалыматка ылайык, декабрдын башында Кремлде Россия президенти Владимир Путин АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер менен жолуккан. Америкалык демилге талкууланганы менен, тараптар мунаса таба алышкан эмес. Кийин АКШ менен Украинанын өкүлдөрү Берлинде жолугушуп, Батыш өлкөлөрү НАТО уставынын 5-беренесине окшош коопсуздук кепилдиктерин берүүгө макул болгону айтылган. Декабрдын аягында Трамп Владимир Зеленский менен жолугуп, маселелердин 95 пайызы боюнча макулдашууга жетишкенин билдирген. Андан соң Трамп Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Россия тарап Киевдин аракеттеринен кийин сүйлөшүү позициясы кайра караларын маалымдады.