ЖКККББ башчысы "Торугартка" барып, айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында жолдо эреже бузган кытайлык жүк ташуучулардын тизмеси бар. Бул тууралуу башкармалыктын жетекчиси Азенбек Козукеев "Торугарт" кыргыз-кытай көзөмөл-өткөрүү жайына барганда айтты.
Козукеев “Торугарт” өткөрүү пунктунда айдоочулар менен жыйын өткөрүп, аларды каршы тилкеге чыкпоого, чектелген ылдамдыктан ашпоого чакырган.
"Жакында Кытайдын элчиси менен жолугуп, бул маселени көтөрөбүз", — деди башкармалык башчысы.
Ошондой эле кытай тилинде даярдалган түшүндүрмө баракчалар таратылып, бажы көзөмөл пунктуна илинди. Мындан тышкары, Бишкек — Нарын —Торугарт жолунда тыгын жаратып, каршы тилкеге чыккан чет өлкөлүк жана жергиликтүү айдоочуларга жол маданиятын сактоо, бири-бирин сыйлоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" пункту Нарын шаарынан 194 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан.
ИИМ жол эрежесин бузуп айып пул төлөбөгөндөр менен күрөшүүнүн жолун тапты