Садыр Жапаровдун бир жылдык кирешеси жарыяланды

Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдагы кирешеси 2 миллион 214 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Салык кызматы жарыялаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер толтурган декларацияда жазылган.
Документке ылайык, өлкө башчынын 2 627 чарчы метр аянтты түзгөн бизнес-борбору, 63 сотых айыл чарба багытындагы жери, 21 сотых жер тилкеси жана 100 миң сомдук унаасы бар.
Ошондой эле декларацияда кыймылдуу мүлк тууралуу да маалымат жазылган, анда президенттин 1,1 миллиард сомдук мүлкү көрсөтүлгөн. Ал эми жакын туугандарынын бир жылдык кирешеси 29 миллион 706 миң сом деп жазылган.
Декларацияда чыгымдар көрсөтүлгөн эмес.
Садыр Жапаров ири курулуштарга сарпталган каражат кайдан түшүп жатканын айтты