БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кыргызстан былтыркы жылдын 10 айында 385,6 миллион куб метр жаратылыш газын импорттогон. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылды.
Анда ЕАЭБдеги өнөктөш Россия Кыргызстанды жаратылыш газы менен камсыздаган жападан жалгыз өлкө бойдон калганы белгиленген.
Эскерте кетсек, 2024-жылы өлкө Өзбекстандан газды аз көлөмдө сатып алып турган.