ИИМ өлкө аркылуу баңгизат ташыган эл аралык уюшкан топтун ишин бөгөттөдү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. ИИМ өлкө аркылуу баңгизат ташыган эл аралык уюшкан топтун ишин бөгөттөгөнүн кабарлады.
Маалыматта атайын операциянын жүрүшүндө Россия, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын жарандарынан турган топ (7 киши) кармалып, Россиянын бир жараны эл аралык издөөгө алынганы айтылат.
Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүүдө 20,4 кг апийим жана 116 кг кара куурай (гашиш) алынган. Мындан тышкары, мамлекетке 44,7 миң доллар, 8 миллион өзбек суму, 396 миң сом, 2 миң рубль өткөрүп берилди.
Андан сырткары, алты машина конфискацияланган:
BMW 530i 2019-жылы чыгарылган;
KIA Sorento (2019);
ΚΙΑ Κ3 (2022);
Hyundai Ioniq (2016);
Jeep Compass (2019);
Toyota Alphard (2006).
Тергөөнүн маалыматы боюнча, автоунаалардын баары кылмыштуу жол менен алынган. Бир нече кылмыш иши козголгону маалым болду.
Бишкекте баңгизатты жерге көөмп сатып жүргөн деп шектелген киши кармалды