Назгүл Нааматбекова Бишкекте унаа оңдоп, сырдап иштейт. Буга чейин социалдык желелерге анын президент Садыр Жапаровду устаканасына чакырган видеосу тараган. Аялдын автомашинаны оңдогону көпчүлүккө кызык болду. Биз уста айымды кепке тартып, жумушу тууралуу бир катар суроолорго жооп алдык.
Нааматбекова бул жумушту күйөөсүнөн үйрөнүп алганын айтты. Жолдошу бул жаатта көп жылдан бери иштейт, ал жубайынан "шайман алып бер", "муну кармап тур" деп суранып, шерик кылып иштеп калган жайы бар. Ошентип жылдар өтүп, маектешим көлүктү өз алдынча оңдоп-сырдоого өткөн.
"Эми болсо мен күйөөмө атаандаш болуп алдым", — деп күлдү ал.
Нааматбеков келген кардарлардын көбү мырзалар болгону менен "арасында сен аялсың" деп ишеним артпай койгондор кездешпегенин белгиледи. Ал өкмөттүн "Социалдык келишим" долбоору аркылуу 100 миң сом алып, ишкерлигин өнүктүргөнүн да айтып берди. Ал эми президент ишканасына келип көрүп кетсе дегени дайымкы кыялы экенин билдирген.