"Учурда чемпионатта оюндун темпин жогорулатууга багытталган бир топ аракеттер көрүлүп жатат. Мындай кадам оюнчулардын деңгээлин өстүрөт. Ал эми футболчулардын чеберчилиги жакшырса, улуттук курама команданын да деңгээли жогорулайт. Өткөн сезондо Бишкектеги жана түштүк региондордогу оюндарда гана VAR системасы колдонулса, бул жылы ар бир оюнда иштейт. Демек, биз мелдештин деңгээлин техникалык жактан болушунча жакшыртууга бел байлап жатабыз. Күйөрмандардын санын көбөйтүү, аларды футболго тартуу максатында клуб жетекчилери менен кошо бир катар иш-чараларды уюштуруу пландалууда. Алсак, Жогорку лиганын ар бир турунда 10 миң сомго чейин, айына 50 миң сомго чейин лотереялар ойнотулат. Айлампанын соңунда "Тулпар моторс" компаниясынан автоунаа ээсин табат. Атайын сэмплинг-зоналарды уюштуруп, футболду жайылтабыз", — деди Айдарбеков.