Кыргызстанда жарандык авиацияны өнүктүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Республика аймагында аэропорттор ачылып, реконструкциядан өтүп, модернизация иштери жүрдү. Ички аба каттамдарды жана аймактык авиация инфраструктурасын, анын ичинде аэропортторду өнүктүрүүнүн жол картасы, “кара тизмеден” чыгуу, кадрдык потенциалды жакшыртуу тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов айтып берди.