Президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдагы кирешеси 2 миллион 214 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Салык кызматы жарыялаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер толтурган декларацияда жазылган. Документке ылайык, өлкө башчынын 2 627 чарчы метр аянтты түзгөн бизнес-борбору, 63 сотых айыл чарба багытындагы жери, 21 сотых жер тилкеси жана 100 миң сомдук унаасы бар. Ошондой эле декларацияда кыймылдуу мүлк тууралуу да маалымат жазылган, анда президенттин 1,1 миллиард сомдук мүлкү көрсөтүлгөн. Ал эми жакын туугандарынын бир жылдык кирешеси 29 миллион 706 миң сом деп жазылган. Декларацияда чыгымдар көрсөтүлгөн эмес.
Кыргызстандын түштүк аймактарындагы жашоочуларына Тажикстандагы жер титирөө сезилди. Жер түнкү саат 3:14тө силкингенин КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады. Очогу Ош облусунан 223 чакырым аралыктагы Мургабда жайгашып, магнитудасы 5,5ке жеткен. Кыргызстандын түштүгүндө ал 3 балл болуп сезилди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азенбек Козукеев кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү жайына барды. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти. Маалыматка ылайык, анда оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары менен жолугушуп, бажы кызматкерлеринин жана котормочулардын жардамы менен кытай айдоочуларына Кыргызстандын аймагына киргенде жол эрежелерин так сактоо, каршы тилкеге чыкпоо зарылдыгы эскертилди. Ошондой эле кытай тилинде даярдалган түшүндүрмө баракчалар таратылып, бажы көзөмөл пунктуна илинди. Мындан тышкары, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жасалма тыгын жаратып, каршы тилкеге чыккан чет өлкөлүк жана жергиликтүү айдоочуларга жол маданиятын сактоо, бири-бирин сыйлоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
АКШ президенти Дональд Трамп Россияга каршы жаңы санкцияларды салуу тууралуу мыйзам долбоорун жактырып, бирок ал чектөөлөрдү колдонууга муктаждык болбойт деген ишенимин билдирген. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. Буга чейин бейшембиде республикачы сенатор Линдси Грэм* өлкө башчысы Россияга каршы чектөөлөрдү күчөтүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырганын билдирген. Анын айтымында, документ АКШ лидерине Кытай, Индия жана Бразилия өңдүү өлкөлөргө Россиянын арзан мунайын сатып алууну токтотууга таасир эте ала турган курал болуп берет. "Мен аны колдойм. Бирок чектөөлөрдү колдонууга муктаждык болбойт деп үмүттөнөм", — деген Трамп Fox News телеканалына курган маегинде. Ошондой эле ал Россиянын экономикасы начар абалда деген оюн билдирген. Ал эми Россия Батыштын бир нече жыл мурун баштап, ушул кезге чейин күчөтүп келе жаткан санкциялык басымын жеңип өтөрүн айтып келет. Киргизилген чектөөлөр максатына жетпей калганын моюндоого Батыштын эрки жетпей турганын да белгилеген. Батыштын өзүндө да Россияга карата киргизилген чектөөлөр натыйжасыз болуп жатканы нечен ирет айтылган.