Инновациялык кесиптер институту — кайсы багыттагы адистерди даярдайт?

Sputnik
Инновациялык кесиптер институту 1999-жылы республикада жаңы жана суроо-талапка ээ адистиктер боюнча кадрларды даярдоо максатында түзүлгөн. Институт кыска убакыттын ичинде Кыргызстан жана башка өлкөлөр үчүн адистерди даярдап, билим берүү тармагында өз ордун тапты. Ал мамлекеттик мекемелер жана ири компаниялар менен кызматташып, практикага багытталган кадрларды даярдоодо ийгиликтүү тажрыйба топтоду. Эл аралык долбоорлорго активдүү катышуу менен институт Кыргызстанда бир катар жаңы адистиктер боюнча алгачкы бүтүрүүчүлөрдү чыгарган. Ошондой эле квалификацияны жогорулатуу программаларын алгачкылардан болуп ишке ашырды. Бул тууралуу Инновациялык кесиптер институтунун ректору Орозалиев Мусапар айтып берди. Ошондой эле илимий иштери, келечек пландары жана ЖОЖдордо билим берүү канткенде сапаттуу болорун кеп кылды.