Тышкы иштер министрлиги АКШга туристтик жана ишкердик максатта бара турган кыргызстандыктар үчүн 15 миң долларга чейинки визалык күрөө тууралуу билдирүү жасады. Министрликтин маалыматы боюнча, 2026-жылдын 21-январынан тартып B-1 жана B-2 категориядагы визаларга арыз тапшырууда 5 миңден 15 миң долларга чейин күрөө төлөп берүү талап кылынат. Анын суммасын консулдук кызматкер визага арыз бергендер менен маектешип жатканда жеке тартипте аныктайт. Министрлик мындан тышкары 15 миң долларга чейинки күрөө АКШ визасын алууга кепилдик бербей турганын эскертип, АКШнын мыйзамдарын бузган учурда кайтарылбай тургандыгын кошумчалады. Ошондуктан жарандар жаңыртылган талаптар менен алдын-ала таанышып, АКШнын визалык жана миграциялык эрежелерин так сактоо сунушталат. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов буга жооп катары Кыргызстан АКШнын жарандарына коюлган визасыз тартипти карап чыгышы керектигин билдирди.
Ички иштер министрлигинен жолдордо санариптик көзөмөлдү күчөтүп жатканын билдиришти.Ведомство "Кызмат" ишканасынын IT-адистери заманбап мобилдик тиркеме иштеп чыгып, ал ИИМ кызматкерлеринин жаңы планшеттерине орнотулганын кабарлады. Эми тартип сакчылар планшеттеги базадан жарандын ким экендигин, айдоочулук күбөлүгү, издөөдө бар же жоктугу боюнча толук маалыматтарды ала алат.Ошондой эле автоунаанын каттоосу, кошумча жабдуулардын орнотулуусу, айнекти караңгылатууга берилген уруксат, автоунаанын издөөдө бар же жоктугу, айып пул сыяктуу бир катар маалыматтар камтылган.
Республикада блогерлерге байланыштуу өзүнчө мыйзам долбоору даярдалып жатат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев журналисттерге билдирди . Министрдин айтымында, Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзам кабыл алынгандан кийин, эми «блогер ким?» деген түшүнүктү аныктоо зарыл. Блогерлердин өз аудиториясы бар жана коомго таасир эткендиктен, алар тараткан маалымат үчүн жоопкерчилик да болушу керек. Ошондой эле ал блогерлердин эки түрүн мисал келтирди: — расмий маалымат тараткан мамлекеттик кызматкерлер — ири аудиториясы бар, жарнама жана бизнес менен алектенген блогерлер Министрдин белгилегендей, ири блогерлердин иши ишкердикке теңештирилиши мүмкүн, ошондуктан мыйзамда бардык тараптардын кызыкчылыгы эске алынат. Мыйзам долбоору 2026-жылы даяр болот деп пландалууда
2026-жылдын 1-январынан тартып Түркмөнстан Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин төрагалыгын кабыл алды. Президент Сердар Бердымухамедов бул чечимди Түркмөнстанга көрсөтүлгөн ишенимдин жана КМШны өнүктүрүүгө кошкон салымынын таанылышы катары баалады. Анын айтымында, Ашхабад КМШнын потенциалын мүмкүн болушунча натыйжалуу ишке ашырууга жана мамлекеттер аралык кызматташууну бекемдөөгө өз салымын кошот. Жакынкы мезгилде төрагалыктын концепциясын иштеп чыгуу пландалууда. Анда учурдагы муктаждыктарды эске алган негизги приоритеттер жана ыкмалар аныкталат. Белгилей кет