Чүйдө туугандар ортосунда жаңжал чыгып, бири экинчисине бычак сайды

Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Чүй облусунда адам өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен 23 жаштагы жаран кармалганын облустук милиция маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, 7-январда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Б.К. аттуу жаран телефон чалып, М.А. аттуу киши денеси бычак бир нече ирет тилип жаракат алганын билдирген. Ал Улуттук хирургия борборунда жатканын кошумчалаган.
Чүй облусунда адам өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен 23 жаштагы жаран кармалды
Тергөө тобу ооруканага келгенде жабырлануучу М.А. аттуу кишиге чара көрүү боюнча арыз жазган. Анын айтымында, түнкү саат 02:35 чамасында Биринчи Май айылында экөө уруша кеткен. М.А. аны моюнга, ийинге, көкүрөккө жана башка жерлерине сайганда териси кесилип, бирок андан ары өткөн эмес.
Милиция Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүүгө аракеттенүү" беренеси менен иш козгоду. Тергөөдө алар бири-бирине тууган экендиги, бирок көптөн бери касташып келгени аныкталган. Милиция шектүүнү убактылуу кармоочу жайга киргизди. Соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.
Чүйдө 29 киши массалык мушташка катышкан деп милиция бөлүмүнө жеткирилди