Кыргызстандыктар убактысын эмнеге жумшайт. Статистика

Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы эркектердин бош убактысы кыз-келиндерге салыштырмалуу бир саатка көп экени Статистика боюнча улуттук комитеттин маалыматында айтылат.
Аялдардын убактысын негизинен үй оокаты алат. Кыргызстандыктардын беш сааттан арбыныраак мезгили эс алуу менен көңүл ачууга сарпталат. Анын үчтөн бир бөлүгү телевизор көрүүгө кетет. Ал эми спорт жана сейилдөөгө аптасына үч сааттай сарпталат.
Кыргызстандык жаштар менен өспүрүмдөрдүн убактысы бир аз башкача өтөт. Алар концерт, дискотека, компьютердик оюндар, спорт жана китеп окуу менен алек болушат. Бул нерсе жаштардын бош убактысынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.
Маалымат 12 жаштан жогорку курактагы үй-бүлө мүчөлөрүн сурамжылоонун (2025-жыл) негизинде берилген.
Кайсы курактагы эркектер аялдардан көбүрөөк? Статистика