Кыргызстан буудай менен унду кайсы өлкөлөрдөн сатып алат? Статистика

Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Улуттук статистика комитети Кыргызстан буудай менен унду кайсы өлкөлөрдөн сатып алары боюнча маалымат берди.
Анда 2025-жылдын январь–октябрь айларында Кыргызстан 86,1 миң тонна ун сатып алганы айтылат.
Азык негизинен ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген:
Казакстан — 82,2 миң тонна;
Россия — 3,3 миң тонна.
Андан тышкары, АКШ, Өзбекстан, Франция, Корея жана Италиядан да аз көлөмдө ун алынган.
Ошол эле мезгилде республика 323 миң тонна буудайды евразиялык бешилтиктен импорттогон:
Казакстан — 202,8 миң тонна;
Россия — 117,4 миң тонна;
Армения — 2,8 миң тонна.
Канададан дан эгини аз өлчөмдө алынган.
Жыйынтыгында ЕАЭБге мүчө өлкөлөр Кыргызстанды социалдык эң маанилүү товар менен камсыздагандардын сап башында болду.
Кыргызстан канттын дээрлик бардыгын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттойт