БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан АКШнын жарандарына коюлган визасыз тартипти карап чыгышы керектигин билдирди.
"Мамлекеттик департамент тарабынан кечээ жарыяланган жаңы виза талаптарына ылайык, биз АКШ жарандары үчүн визасыз режимибизди кайра карап чыгууну башташыбыз керек деп ойлойм. Анда Кыргызстандын жарандары визага арыз бергенде 15 миң долларга чейин виза депозитин коюу талап кылынат", — деген Байсалов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында.
Ал визалык саясат тең салмактуулукту жана бири-бирин урматтоону камтый турганын белгиледи.
"Жарандарыбызга ушундай тоскоолдуктар коюлуп жатса биз кантип эч нерсе болбогондой отурабыз", — деген Байсалов.