"Министрлик чет өлкөдө эмгектенип жүргөн жарандарга жана жергиликтүү дыйкандарга кунарсыз жерлерди өздөштүрүп, жаңы киреше булагын түзүүгө шарт түзүүгө даяр. Кызыккандар райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылса болот. Мындай жерлерди алгач кунарсыз айдоо жери макамына өзгөртүп, андан соң ошол аймактын климаттык шартына ылайык өсүмдүктөрдү тандоо зарыл. Суу жеткирүү маселеси курч болгондуктан тамчылатып же жамгырлатып сугаруу системасын колдонуу керек. Ушуга байланыштуу министрлик жеңилдетилген кредиттерди берүүнү карап жатат. Мындан тышкары, сапаттуу көчөт жана үрөн тандоо боюнча да колдоо көрсөтүлөт. Маалымат жарыялангандан кийин 100дөн ашуун жаран кайрылып, кеңеш алышты. Учурда алар кайсы аймактан жер аларын жана кандай өсүмдүктөрдү өстүрүшөрүн такташууда. Биз негизинен көп жылдык мөмөлүү бактарды отургузууну сунуштап жатабыз", — деди Идрисов.