БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Президент Дональд Трамптын 2027-жылы коргонуу бюджетин 1,5 триллион долларга чейин көбөйтүү чечими АКШнын дүйнөлүк согушка камынып жатканынан кабар берет. Бул тууралуу америкалык белгилүү журналист Такер Карлсон билдиргенин РИА Новости жазды.
"Президент Пентагондун бюджетин 1 триллиондон 1,5 триллион долларга чейин көбөйтө турганын жарыялады... Мындай бюджет глобалдык же аймактык согушка даярданып жаткан өлкөгө мүнөздүү... биз дүйнөлүк согуш багытына баратканыбыз айдан ачык", — деген ал Х социалдык тармагына жарыялаган программасында.
Карлсондун айтымында, АКШнын бюджетин жогорулатууга мындан башка себеп жок.
"Бардык кыймыл, аракеттер жакында дүйнөлүк согуш баштала тургандыгынан кабар берип жатат. Элдин бардыгы муну туюп жатса керек, согуш болбосо экен дегенибиз менен ушул багытта баратабыз... Кечиргиле", — деген журналист.
Буга чейин Трамп АКШнын аскердик бюджети 2027-жылга карата 1,5 триллион доллар болушу керектигин айткан. Америкалык лидер муну "коркунучтуу маал" келе жатканы менен түшүндүргөн.
"Муну менен "кыялыбыздагы армияны" түзө алабыз. Ал бизди душманыбыздан мындан да жакшы коргоп, коопсуздукту камсыздап берет", — деген Трамп.
АКШ президенти 2025-жылдын декабрында 2026-жылга карата өлкөнүн коргонуу бюджетин 900 миллиард доллардан ашык көлөмдө бекиткен.