Жыл жыйынтыгы жана чоң үмүттөр: кыргыз киносу күч алууда

Sputnik
«Стоп кадр» программасынын бул жолку чыгарылышында конокто “Кыргыз тасмасы” кино борборунун директору Алмаз Тулекеев. Эфирде конок өткөн жыл кыргыз киносу үчүн кандай жыйынтыктар менен аяктаганын, кайсы долбоорлор көрөрмандын жүрөгүнөн орун алганын жана тармакта кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын айтып берди. Ошондой эле 2026-жылга карата ири пландар, жаңы тасмалар, жаш режиссёрлорду колдоо, эл аралык фестивалдарга чыгуу жана кыргыз киносун дүйнөгө таанытуу боюнча максаттар тууралуу кенен бөлүштү. Кыргыз киносу кайсы багытта өнүгүп жатат? Жакынкы жылдары көрөрманды кандай жаңылыктар күтөт? Ушул жана башка кызыктуу суроолорго жоопту толугу менен биздин берүүдөн уга аласыздар. Кененирээк — бул чыгарылышта.