Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан АКШнын жарандарына коюлган визасыз тартипти карап чыгышы керектигин билдирди. "Мамлекеттик департамент тарабынан кечээ жарыяланган жаңы виза талаптарына ылайык, биз АКШ жарандары үчүн визасыз режимибизди кайра карап чыгууну башташыбыз керек деп ойлойм. Анда Кыргызстандын жарандары визага арыз бергенде 15 миң долларга чейин виза депозитин коюуну талап кылынат", — деген Байсалов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында. Ал визалык саясат тең салмактуулукту жана бири-бирин урматтоону камтый турганын белгиледи.
Чүй облусунда адам өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен 23 жаштагы жаран кармалганын облустук милиция маалымдады. Билдирүүгө ылайык, 7-январда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө жабырлануучу телефон чалып, 23 жаштагы киши анын денесине бычак менен бир нече ирет тилип, жаракат алганын билдирген. Ал Улуттук хирургия борборунда жатканын кошумчалаган.Тергөө тобу ооруканага келгенде жабырлануучу шектүү кишиге чара көрүү боюнча арыз жазган. Анын айтымында, түнкү саат 02:35 чамасында Биринчи Май айылында экөө уруша кеткен. Шектүү аны моюнга, ийинге, көкүрөккө жана башка жерлерине сайганда териси кесилип, бирок андан ары өткөн эмес. Милиция "Адам өлтүрүүгө аракеттенүү" беренеси менен иш козгоду. Тергөөдө алар бири-бирине тууган экендиги, бирок көптөн бери касташып келгени аныкталган. Милиция шектүүнү убактылуу кармоочу жайга киргизди. Соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.
АКШ президенти Гренландияга көз артып жатканына байланыштуу Евробиримдикте аны менен түзмө-түз чатакташууга даярдык көрүү чакырыгы ташталды. Бул тууралуу Politico басылмасы биримдиктеги атын атагысы келбеген дипломаттын айтканына таянып жазганын РИА Новости агенттиги таратты. "Биз Трамптын өзү менен түзмө-түз чатакташууга даяр болушубуз керек... Ал өтө агрессивдүү маанайда турат. Ошондуктан толук даяр болушубуз зарыл", — деген дипломат. Politico басылмасы жазгандай, буга чейин Европа өлкөлөрүнүн өкмөттөрү Трамптын Грендландияны басып алуу боюнча коркутууларын анчейин олуттуу кабыл алышчу эмес. Эми алар АКШ лидеринин арты-артынан айтылган билдирүүлөрүн көңүлдөн сырт калтырып кое албай, аны токтотуунун планын издеп алдастап калышты.