Зуридин Нурматов иммунитетти чыңдоо жана ага үзгүлтүксүз кам көрүү адам саламаттыгы үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.Анын айтымында, иммунитетти жакшыртуу үчүн туура тамактануу, жетиштүү эс алуу, активдүү кыймыл-аракет жана алдын алуу чараларын сактоо зарыл. Ошол эле учурда бул багытта мамлекеттик деңгээлде атайын программалар кабыл алынып, калктын саламаттыгын чыңдоого багытталган иштер системалуу жүргүзүлүшү керек.Зуридин Нурматов иммунитетти бекемдөөгө байланыштуу маселелер илимий жактан да изилденип, тиешелүү сунуштар жана ыкмалар иштелип чыгып жатканын кошумчалады.