Резидент-карта кимдер үчүн жана кандай мүмкүнчүлүк берет?

Sputnik
Өлкөдө чет элдик жарандар үчүн резидент-карта системасы киргизилип, аларга өлкөдө мыйзамдуу жашап жана иштөөгө жаңы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул карта 360 күнгө чейин эмгек жана ишкердик ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө шарт түзөт. Резидент-карта өкмөттүн токтому менен бекитилип, чет элдик жарандардын укуктук макамын тастыктаган расмий документ болуп саналат. Аны алуу процесси толугу менен "Бирдиктүү терезе" жана "Электрондук виза" системалары аркылуу жүргүзүлөт. Жаңы система миграциялык процесстерди көзөмөлдөөнү күчөтүп, салык тартибин жакшыртууга багытталган. Ошондой эле ал эмгек мамилелерин ачык-айкын кылып, мыйзамсыз иштөөнүн алдын алууга жардам берет. Бул тууралуу кененирээк ТИМ Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров кеп кылды.