Интернеттин сапаты жакшырат — Интернетти алып келүүдө мамлекеттик монополия канда йнатыйжа берүүдө?

Sputnik
15-августтан баштап бир жылга чейин интернетти алып келүү жана аны таратууга мамлекеттик монополия киргизилген. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Интернетти жеткирүү, таратуу жана трафиктин транзитине жалгыз укук “Элкат” мамлекеттик компаниясына берилген. Бул иштер байланыш тармагын тартипке келтирип, санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү максатында жасалып жатканы айтылган. Жаңы улуттук оператор ишке кирдиби, баа саясаты,техникалык камсыздоо кандай болуп калды? “Элкаттын” кирешеси, көрсөткүчтөрү тууралуу Президенттин иш башкармалыгына караштуу "ЭлКат" ЖЧКсынын жетекчиси Нурадил Баясов айтып берди.