Жапаров православ динин туткандарды Рождество менен куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү православ динин кармагандарды Рождество майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ал аталган майрам ырайымдуулук, жакынга болгон сүйүү, боорукерлик жана жакшылыкка ишеним сыяктуу түбөлүктүү руханий баалуулуктардын чагылдырарын белгилеген. Ал кылымдар бою адеп-ахлактык жаңылануунун булагы болуп, адамдардын тынчтыкка, ынтымакка жана өз ара сый-урматка умтулуусун бекемдеп келерин айткан.
"Православ ишенимин кармангандар коомубуздагы конфессиялар аралык ынтымакты, руханий байлыкты жана маданий ар түрдүүлүктү сактоого олуттуу салым кошуп келет. Өлкөбүздүн жалпы келечеги үчүн өз ара түшүнүшүү, биримдик жана жаратуучулук идеалдарына берилгендигиңиздерди жогору баалайм", — деген Жапаров.
Ошондой эле аларга чың ден соолук, бакубатчылык жана кубаныч каалап, ар бир үйдө тынчтык, жылуулук жана өз ара колдоо өкүм сүрүшүн тилеген.
Жакшылык жанашып, оомат оошуп келет. Садыр Жапаровдун жаңы жылдык куттуктоосу