БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. АКШнын Венесуэланын башчысына каршы жасаган операциясында 70тен ашык адам набыт болгонун РИА Новости Washington Post гезитине таянып жазды.
"Америка өкмөтү Венесуэланын президенти Николас Мадурону кармоо боюнча аскердик операцияда 75тей адам каза болду деп эсептейт. Анын арасында ондогон адам Каракастагы резиденциядагы атышууда көз жумган", — деп билдирген гезитке өздүк маалымат булактар.
Бир маалымат булагы өлгөндөрдүн саны кеминде 67 адам экенин айткан. Дагы бирөө басылмага жалпы саны 80ге чейин жетерин билдирген.
Washington Post басылмасынын жазганына таянсак, кеп набыт болгон кубалык жана венесуэлалык аскерлер жана жай тургундар тууралуу болууда. Кубанын президенти Мигель Диас-Канель Венесуэланын башчысы Мадуронуу коргоодо 32 мекендешинин каза болгондугуна байланыштуу өлкөдө эки күндүк аза күтүү жарыялаган.
Өткөн ишембиде Трамп АКШ Венесуэлага аскердик операциянын алкагында сокку уруп, алардын президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес кармалып, өлкөдөн чыгарылганын билдирген. ЖМКлар Каракаста жарылуу болгонун жазып, операцияны Delta Force элиталык бөлүмдүн аскерлери өткөргөнүн белгилешкен.
АКШ администрациясы Мадуро сот жоопкерчилигине тартылат дегени менен бир катар конгрессмендер бул операцияны мыйзамсыз деп аташууда. Венесуэланын ТИМи Вашингтондун аракеттерине байланыштуу эл аралык уюмдарга кайрыла турганын маалымдаган.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги Венесуэла элине тилектештигин билдирди. Москва АКШнын агрессивдүү аракеттеринин жүрүшүндө Мадуро жубайы менен өлкөдөн чыгарылып кеткенин билип абдан тынчсызданганын белгилеген. Россиянын тышкы иштер ведомствосу Мадурону жана анын жубайын кое берүүгө чакырган.