БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, кыргызстандыктардын Иранга барбай турушу керектигин айтты.
Мекеме акыркы күндөрү Ирандын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өтүп жатканын эске салып, бирок алардан жабыркаган кыргыз жарандары жок экенин билдирген.
Иран аймагында жүргөн мекендештерге коопсуздук чараларын сактоо, эл көп чогулган жерлерден алыс болуу, жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткаруу жана шашылыш же аргасыз жумуштар болбосо аталган өлкөгө барбай туруу сунушталды.
Өзгөчө кырдаалдар учурунда Тегерандагы элчиликке кайрылуу керек экендигин айтышты.
Ыкчам байланыш номерлери: +989352505226, +989352505229.