БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Эл аралык Кызыл чырым комитети эл аралык коомчулукту Афганстанга көрсөтүлүп жаткан гуманитардык жардамдын көлөмүн көбөйтүүгө чакырды. Бул тууралуу коомдун ыкчам ишмердүүлүк боюнча башкармалыгынын директору Ясмин Пра-Дессимо РИА Новостиге берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, эл аралык коомчулук колдоону күчөтүшү керек. Анткени гуманитардык уюмдар келечекте толук кандуу иштеп жаткан мамлекеттик сектордун ордун узакка чейин, майнаптуу болуп баса албайт жана мындай ыйгарым укуктарга да ээ эмес. Андан тышкары, гуманитардык ишмердүүлүктү каржылоонун көлөмү азайып, эң аярлуу катмарга жардам жетпей калууда.
Пра-Дессимо Афганстанга кайтуу чечими буга чейин эле көптөгөн кыйынчылыктарга туш болуп жаткан адамдарга олуттуу таасир тийгизерин кошумчалады.
Анын айтымында, көп жыл мурда өлкөдөн чыгып кеткендер үчүн Афганстанга кайтуу оңой болбойт. Ал ошондой эле кайтуу чечими сөзсүз түрдө ыктыярдуу болуп, аң-сезимдүү тандоого жана ар бир адамдын абалын өзүнчө баалоого негизделиши керектигин баса белгиледи.
"Мындан сырткары, кайтуу коопсуздук шарттарында жана адамдык кадыр-баркты урматтоо менен ишке ашырылышы зарыл. Дал ушундай шарттарда гана кайтуу туруктуу жана узак мөөнөттүү чечим болуп, калктын кайрадан көчүп кетишин жана гуманитардык азап-тозокторду алдын алат", — деп кошумчалаган Пра-Дессимо.
Былтыр декабрь айында Афганстандын качкындар жана репатриация иштери боюнча министри Абдул Кабир "Талибан" кыймылы кайрадан бийликке келгенден берки төрт жыл ичинде өлкөгө болжол менен 6,8 миллион репатриант кайтып келгенин билдирген.
Эл аралык уюмдардын маалыматына ылайык, учурда афган качкындары дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө жашап жатышат. Алардын расмий катталган саны эле алты миллиондон ашат. Афган качкындарын эң көп кабыл алган өлкөлөр — Иран, Пакистан жана Германия.