Кыргызстандын товарын сатып алган негизги өлкөлөр. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын январь-октябрь айларында өлкөнүн жалпы экспорту 2,4 млрд долларга бааланган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Негизги кардар өлкөлөр:
Россия — 536,3 млн доллар;
Швейцария — 438,2 млн доллар;
Казакстан — 357,7 млн доллар;
Өзбекстан — 307,8 млн доллар.
Швейцарияга негизинен алтын сатылса, калган өлкөлөргө товардын жүздөгөн түрү экспорттолот.
Статкомдун айтымында, экспорттун эң көп бөлүгү ЕАЭБге кетет. Биримдиктеги өлкөлөргө 933 млн долларга бааланган жалпы товардын 38,7 пайызы сатылган.
Made in KG товарларын Россия менен Казакстандан тышкары, Беларусь менен Армения да алат.
Кыргызстан канттын дээрлик бардыгын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттойт