БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Бишкектин Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүндө өрт жана адам өлүмү боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Биринчи май РИИБден кабарлашты.
Маалыматта өрттүк-техникалык экспертиза дагы дайындалганы айтылды. Иш "Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу" беренеси менен козголду.
Эске салсак, кечээ карылар үйүндө өрт чыгып, эки адам каза болгон. Мындан тышкары, 15 адам эвакуацияланган. Анын ичинен бир нечеси ооруканага түшкөн.