ИИМ жолдордо санариптик көзөмөлдү күчөтүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Ички иштер министрлигинен жолдордо санариптик көзөмөлдү күчөтүп жатканын билдиришти.
Ведомство "Кызмат" ишканасынын IT-адистери заманбап мобилдик тиркеме иштеп чыгып, ал ИИМ кызматкерлеринин жаңы планшеттерине орнотулганын кабарлады. Эми тартип сакчылар планшеттеги базадан жарандын ким экендигин, айдоочулук күбөлүгү, издөөдө бар же жоктугу боюнча толук маалыматтарды ала алат.
1 / 2

Ички иштер министрлигинен жолдордо санариптик көзөмөлдү күчөтүп жатканын билдиришти

2 / 2

Ведомство "Кызмат" ишканасынын IT-адистери заманбап мобилдик тиркеме иштеп чыгып, ал ИИМ кызматкерлеринин жаңы планшеттерине орнотулганын кабарлады.

Ошондой эле автоунаанын каттоосу, кошумча жабдуулардын орнотулуусу, айнекти караңгылатууга берилген уруксат, автоунаанын издөөдө бар же жоктугу, айып пул сыяктуу бир катар маалыматтар камтылган.
Манас шаарында темир жол бузулуп, ордуна унаа жол курулат