БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. АКШга барчу кыргызстандыктар эми 5000 доллардан 15 миң долларга чейин төлөгөнгө туура келет. Бул туурасында Мамдепартаменттин сайтында айтылган.
Маалыматта бул кепилдик берчү визалык төлөм (visa bond) экени белгиленген. Жаңы талап B-1 жана B-2 визаларына — иш сапар, туристтик жана жеке сапар үчүн колдонулмакчы.
АКШ бул тартипти визанын мөөнөтүн бузушу ыктымалдыгы жогору деп эсептелген, өлкөлөргө киргизип, азыр баш-аягы 38ге жетти. Башында 13 өлкө болсо, дагы 25ти кошту. Эми алардын катарына Кыргызстан да кирип, аталган талап быйылкы жылдын 21-январынан тарта иштей турганы айтылды. Кыргызстан менен бирге Тажикстан жана Түркмөнстан да кошулган.
Visa bond талап кылынгандар АКШга кирүүдө кошумча шарттарды да аткарышы керек. Тактап айтканда, алар өлкөгө алдын ала белгиленген эл аралык үч аэропорт аркылуу гана кире алат дешти. Алар Вашингтондогу Даллес, Бостондогу Логан жана Нью-Йорктогу Кеннеди аба майдандары.