2025-жылы Кыргызстанда кино тармагына мамлекеттик бюджеттен 951 миллион сомго жакын каражат бөлүнүп, бул тармакка болгон көңүлдүн артканын көрсөттү. Бирок бир кезде “Кыргыз керемети” деп таанылган даректүү кино бүгүн кайсы баскычта турат, эмнеге толукметраждуу даректүү тасмалар көркөм кинодой системалуу колдоого ээ эмес жана эл аралык фестивалдарда өлкөнүн атын чыгарган киночулар спортчулардай деңгээлде колдоого алынбай жатканы ачык суроо бойдон калууда. Мамлекеттик саясат кино тармагында чын эле өзгөрөбү, бөлүнгөн каражат кайсы багыттарга, кандай механизм менен жумшалат — бул маселелер тармактын келечегин аныктап берчү негизги факторлордон.