2025-жылы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы социалдык маанилүү товарлардын, анын ичинде ун, эт, май сыяктуу негизги азык-түлүктөрдүн баасына туруктуу мониторинг жүргүзүп, негизсиз өсүштөрдүн алдын алууга аракет кылды. Антимонополиялык кийлигишүүлөрдүн натыйжасында баасы көтөрүлүпк кеткен айрым товарлардын баасы турукташты. Ошондой эле рыноктордо текшерүүлөр жүргүзүлүп, атаандаштык мыйзамдарын бузган субъекттерге айып пул жана башка чаралар көрүлдү. Мындан тышкары ишкерлерге түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин күчөтүп, өзүн жазалоочу эмес, жөнгө салуучу орган катары көрсөтүүгө умтулду. Жарандардан түшкөн кайрылуулар каралып, аларга убагында жооптор берилди. 2026-жылы кызмат баа өсүшүн алдын алуу, ачыктыкты жогорулатуу жана рыноктогу атаандаштыкты андан ары өнүктүрүүнү көздөйт. Бул тууралуу аталган кызматтын төрагасынын орун басары Муратбек Иманкулов кеп кылды.