Кыргызстан канттын дээрлик бардыгын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттойт

Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Өлкө керектеген канттын дээрлик бардыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолот. Бул тууралуу Улуттук статкомдон билдиришти.
Маалыматка караганда, былтыр январь-октябрь айларында Кыргызстан 25,1 миң тонна кант сатып алган. Анын 24,2 миң тоннасы Россиядан, ал эми 300 тоннага жакыны Казакстан менен Беларустан алынган.
Мындан тышкары, Азербайжандан (538 тонна), ошондой эле Иран, Польша, Корея, Түркия жана Тайвандан чакан көлөмдө импорттолгон.
Статком: Кыргызстан күнкарама майынын 95 пайызын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн сатып алган