Кыргызстанга салынган түз инвестициялар 885 млн. долларга жетти

Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. 2025-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанга салынган түз инвестициялар 18,5 пайызга, акча менен алганда 885 миллион долларга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчетунда жазылган.
Алдыңкы беш инвестор — ЕАЭБ өлкөлөрү:
Кытай — 282,3 миллион доллар;
Россия — 183 млн;
Түркия — 139,6 млн;
Казакстан — 82,8 млн;
Нидерланддар — 70,8 млн.
Ошондой эле 2025-жылдын январь-сентябрында инвестицияны сыртка жөнөтүү 1,9 эсеге көбөйүп, 403,2 миллион долларды түзгөн.
Пресс-борбор
РФтин соода өкүлү: Кыргызстан олуттуу логистикалык хабга айланып бара жатат