Ырчы мыкты бийлөө үчүн 10 жылдан бери спорт менен машыгып, үнүн гана эмес, денесин да тынымсыз машыктырып келе жатканын айтты. Көпчүлүктүн көңүлүн бурган кызыл чачы 6-классынан бери анын өзгөчө образына айланганын эстеди.
Интервьюда Элера "Муңайба, Адеми" клибиндеги кызыл көйнөктү кайдан алганын айтып берди. Ошондой эле ырдын атын эмне себептен "Кара жаным" деп өзгөрткөнүн түшүндүрдү. Мындан тышкары, жазында апасынан айрылгандан кийин сахнага кайра кайтуусуна эмне күч бергенин ачык баяндады.
Тема боюнча: