Бишкекте кишини мессенжерден 551 миң сомго алдаган деп жигит кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Бишкекте эркек кишини мессенжерден 551 миң сомго алдоого шектелип 24 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБ кабарлады.
Бишкекте эркек кишини мессенжерден 551 миң сомго алдоого шектелип 24 жаштагы жигит кармалды
2-январда милицияга кайрылган адам ага мессенжер аркылуу чалган бейтааныш киши ишенимине кирип, кант жөнөтөм деген убада менен акчасын котортуп алганын айткан. Ал 551 миң сомду алгандан кийин байланышты токтотуп, телефонун өчүрүп, жок болуп кеткен.
Милиция “Алдамчылык” боюнча иш козгоп, 24 жаштагы шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди.
Алдамчылыкка кабылгандар 0 779 043 407 жана 102 номерлерине байланышса болот.
Үч унаа менен 20 миң доллар алдап алган. Милиция шектүүнү жылаңайлак алып кетти