БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Бишкектин Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүндө өрт чыгып, эки адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Мындан тышкары, 15 адам эвакуацияланган.
Карылар үйүндөгү өрт
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Жерине 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, өрт чектөөгө алынган. Учурда аны толук өчүрүү иштери жүрүүдө.
Толук маалымат берүүнү убадалашты.