Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Долбоорлорду ишке ашыруу жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Курманбеков, соңку жылдары бажы кызматын санариптештирүү багытында жүргүзүлгөн реформалар тууралуу айтып берди. Ал санариптик системалардын киргизилиши аркылуу бажы төлөмдөрү жана текшерүүлөрдүн сапаты жогорулап, соода жол-жоболору жөнөкөйлөшкөнүн белгиледи.
Ошондой эле санариптештирүүнүн өлкө экономикасына тийгизген таасири тууралуу токтолуп, бул процесстин чет өлкөлүк инвесторлор үчүн ишенимди жогорулатканын жана соода агымын жеңилдеткенин белгиледи. Ал бажы кызматындагы келечектеги пландар, жаңы технологияларды колдонуу жана автоматташтыруу боюнча демилгелер тууралуу да маалымат берди.