“Чебурашка - 2” тасмасы эл аралык кассалык жыйымдар рейтингинде 3-орунду ээледи

Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Россиялык “Чебурашка - 2” тасмасы дем алыш күндөрү 2,42 миллиард рубль (30,95 миллион доллар) киреше чогултуп, эл аралык кассалык жыйымдар тизмесинде үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Kinobusiness порталы жазды.
Тасманын экинчи бөлүгү прокатка 1-январда чыккан. Ал эми 1 миллиард рубль киреше чегинен экинчи эле күндө ашып өттү.
Бет ачары болгон дем алышта тасма 2,36 миллиард рубль топтоп, рекорддук көрсөткүчкө жетти.
Дүйнөлүк кино рейтингинде фильм “Аватар” жана “Зверополис - 2” тасмаларынан кийинки үчүнчү орунду ээлеген.
“Чебурашка - 2” — жандуу актерлор менен анимация айкалышкан комедия. Биринчи бөлүктүн ийгилигинен кийин тасманын жаратуучулары окуяны кеңейтип, уландысын тартышкан. Гена менен Чебурашка мурдагыдай эле өз үйүндө чогуу жашап, тынч жана жай турмуш кечиришет. Бирок алардын кадимки жашоосу күтүүсүз окуялардан улам бузулат.
"Өрт кечкен сөйкө" деп аталган жоокердик-тарыхый жанрдагы сериал тартылды