Батышта Украинадагы жаңжалдын аякташы боюнча адаттан тыш билдирүү жасалды

Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Россиянын шарттарын кабыл алуу АКШ жана Украина үчүн эң туура вариант болот. Бул тууралуу Responsible Statecraft басылмасы жазганын РИА Новости билдирди.
Басылманын белгилешинче, эгер сүйлөшүүлөр болбосо, согуш улана берет. Украина болсо, убакыт өткөн сайын көбүрөөк жоготууга учурап жатат. Ошондуктан оор болсо да сүйлөшүүлөргө баруу — жаңжалды токтотуунун эң жакшы жолу.
“Россиянын шарттарын кабыл алуу анын аракеттерине берилген “сыйлык” эмес. Бул болгону Киев жана Батыш үчүн согушту мүмкүн болушунча азыраак жоготуулар менен токтотуунун баасы”, — деп жазат басылма.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков фронттогу жоготуулар Украинаны сүйлөшүүгө барууга түрткү бериши керектигин билдирген. Ошондой эле Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя украин армиясы чоң жоготууларга учурап, согуштук жөндөмүн тездик менен жоготуп жатканын айткан.
Буга чейин Россия президенти Владимир Путин India Today телеканалындагы маегинде Киев көзөмөлдөгөн аймактар же аскердик жол менен бошотуларын же украин аскерлери ал жерлерден чыгып кетип, адамдарды өлтүрүүнү токтоторун билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык эксперт Украина тууралуу кескин оюн билдирди