БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Евробиримдик Россияга каршы санкциясы менен туңгуюкка кептелиши мүмкүн экенин Словакиянын премьери Роберт Фицо айтканын РИА Новости жазды.
“Европа биримдиги антироссиялык аракеттери менен туңгуюкка кептелиши ыктымал. Ушул тапта ЕБ Украинага Россия менен согушта колдоо катары берген аскердик насыясы 280 миллиард еврону түзөт. Брюсселдик чиновниктер санкцияларды киргизип, россиялык активдерди тоңдуруу менен Россияны жек көрөрүн билдирип жатат. Алар Айдан түшкөн жок, так бир өлкөнүн өкүлдөрү”, — деди Фицо баракчасындагы кайрылууда.
Буга чейин Брюсселде саммит өтүп, анын жыйынтыгында Евробиримдик Россиянын активдерин алуудан убактылуу баш тартып, Украинага өз бюджетинен 90 миллиард евро насыя берүүнү чечкен.
Россия Батыштын бир нече жылдан бери жасалган санкциялык кысымына туруштук берип келерин жана ал улам күчөп баратканын айтып келет. РФ антироссиялык санкциялар натыйжа бербей турганын, тек гана дүйнөлүк экономикага кедергисин тийгизерин кайталап келет.