Трамп Колумбиянын башчысы да Мадуро сыяктуу кармаларын кыйытты

Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Колумбиянын президентин кокаин өндүрүүгө айыптап, Мадуро сыяктуу операция менен кармаларын кыйытты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
“Колумбия дагы көйгөйлүү, аны кокаин өндүрүп, АКШга саткан оорулуу адам башкарат. Анын кокаин чыгарган завод жана фабрикалары бар, бирок бул иши менен көпкө чейин алектене албайт. АКШ тарап ага да операция жүргүзө алат”, — деген АКШ президенти журналисттерге.
Ал эми Колумбиянын лидери Густаво Петро Трампты жалаа жабууну токтотууга чакырды.
Ишембиде Трамп АКШ Венесуэлага аскердик операциянын алкагында сокку уруп, өлкө президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес кармалып, өлкөдөн чыгарылганын билдирген. ЖМКлар Каракаста жарылуу болгонун жазып, операцияны Delta Force элиталык бөлүмдүн аскерлери өткөргөнүн белгилешкен.
АКШ администрациясы Мадуро сот жоопкерчилигине тартылат дегени менен бир катар конгрессмендер бул операцияны мыйзамсыз деп аташууда. Венесуэланын ТИМи Вашингтондун аракеттерине байланыштуу эл аралык уюмдарга кайрыла турганын маалымдап, БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү өтүндү, ал 5-январда болот.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги Венесуэла элине тилектештигин билдирди. Москва АКШнын агрессивдүү аракеттеринин жүрүшүндө Мадуро жубайы менен өлкөдөн чыгарылып кеткенин билип абдан тынчсызданганын белгилеген. Россиянын тышкы иштер ведомствосу Мадурону жана анын жубайын кое берүүгө, Венесуэланын айланасында болгон окуялардын курчуп кетишине жол бербөөгө чакырган.
АКШ Венесуэладан кийин кайсы өлкөлөргө чабуул жасай турганы боолголонду