БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Манас шаарында 15,4 чакырымдык темир жол бузулуп, ордуна унаа жол курулат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад — Көк-Жаңгак темир жолу демонтаждалууда, иштер 1-февралда аяктап, андан кийин унаа жолдун курулушу башталат.
“Бул иштер Манас шаарынын Т. Байзаков проспектинен Октябрь айылынын Ормон бий көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт”, — деп айтылат маалыматта.
Аталган тилкеде поезд акыркы жолу 1998-жылы өткөн, андан бери пайдаланылбай турат.