БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кыргызстан күнкарама майынын 95 пайызын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн сатып алган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган.
Ага ылайык, былтыр январь — октябрь айларында Кыргызстан 36,2 миң тонна күнкарама майын сатып алган.
Негизги импортчулар:
Россия — 28,7 миң тонна;
Казакстан — 5,7 миң тонна;
Өзбекстан — 1,4 миң тонна;
Ошондой эле Азербайжан, Болгария, Грузия, Литва, Пакистан, Кытай, АКШ жана Түркиямамлекеттеринен аз санда сатып алынган. Жалпысынан импорттун 95%ы ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет.