Бишкектин Муниципиалдык инспекциясынын чуу салган кызматкери иштен кетти

Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Көчөдө ичимдик ичти делген Бишкектин муниципалдык инспектору иштен алынды.
Инспекциянын жетекчиси Мирлан Таалайбеков бул окуя тартылган видео коомдо резонанс жаратканын белгиледи.
Видео буга чейин соцтармакта тарап, анда муниципалдык инспекциянын формасын кийген кишинин стакан көтөрүп, ал тургай заара ушатып жатканы тартылган.
Чүйдө 29 киши массалык мушташка катышкан деп милиция бөлүмүнө жеткирилди