БУУнун баш катчысы: АКШ Венесуэлада эл аралык укук нормаларын сактаган жок

Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. БУУнун баш катчысы АКШ Венесуэлада жүргүзгөн аскердик операция маалында эл аралык укуктук нормаларды сактабаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
БУУнун Коопсуздук кеңешинде Антониу Гутеррештин билдирүүсүн саясий маселелер боюнча орун басары Розмари Дикарло окуп берген. Анда 3-январда болгон аскердик аракеттер эл аралык укуктук талаптарга жооп бербегени белгиленип, Венесуэланын келечеги белгисиз бойдон калып жатканы айтылган. Гутерреш өлкөдөгү туруксуздуктун күчөшү регионго таасир тийгизиши мүмкүн экенин жана бул мамлекеттер аралык мамилелер үчүн кооптуу прецедент жаратарын эскерткен.
Ишембиге караган түнү АКШ Каракаста аскердик операция жүргүзүп, Внесуэланын президенти Николас Мадуро жана жубайы Силия Флорес кармалып, өлкөдөн чыгарылган.
Трамп Колумбиянын башчысы да Мадуро сыяктуу кармаларын кыйытты