Тарыхта азыркыга окшош кагаз акча алгач Кытайда пайда болгонун билебиз. Аны жүгүртүү механизмдери жети кереметтин бири болгон Кытай чебин курганга түрткү болсо, кытай фермерлери ошол кылымдарда эле салыкты кагаз акча менен төлөшкөн.Бүгүнкү “Экономикалык панорама” уктуруусунда изилдөөчү экономист Улукман Мамытов акчанын пайда болуу тарыхын, анын алсыз экономикаларды кыска учурда күчкө айланткан механизмдерин жана азыркы заманда да кандай мүмкүнчүлүктөр бар экендигин айтып берди.