Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын төрайымы, жалпы республикалык архив кызматынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Аталган тармактын имаратынын абалы, техникалык мүмкүнчүлүктөрү, кагаз документтеринин түп нускаларын сактоо шарттары жана кадрдык маселелер тууралуу айтып, республикалык архив системасынын учурдагы абалын түшүндүрдү.Мындан тышкары, Базарбаева Россия, Казакстан жана Өзбекстандагы архивдерде сакталган кыргызга тиешелүү материалдардын көчүрмөлөрүн алуу боюнча жүргүзүлгөн иштерге токтолду. Кытайда да архивдик материалдар бар экенин белгилеп, бирок учурда ал жактан көчүрмө алуу мүмкүнчүлүгү азырынча болбой жатканын билдирди.