Кыргызстанда коррупциянын деңгээли жогору маморгандар кайсылар? Рейтинг

Sputnik
2025–2030-жылдарга карата Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия быйыл практикалык баскычка өтүп, институционалдык жана системалуу чаралар менен ишке ашырыла баштады. Отчеттуулук менен ачык-айкындуулукту күчөтүү, санариптештирүү, мамлекеттик сатып алууларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу, ошондой эле укук коргоо органдарынын координациясын жакшыртуу стратегиянын негизги багыттары катары көрүнүп, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталды. 2025-жылы коррупцияга каршы күрөш декларативдүү мүнөздөн чыгып, алдын алуу, жоопкерчилик жана коомдук көзөмөлдү кеңейтүү аркылуу реалдуу механизмдер менен коштолгон процесс катары жүрдү. Бул тууралуу Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова маалымат бөлүштү.